Бир көз караш

Жалпы жаратылыш Алланын чоң бир китеби,
Кайсыл арибине карасаң Алла деген маани чыгат.
(Р.М. Акрам)

Өзүнө жана чөйрөсүнө анализдөө менен карагандар ар дайым көзгө урунуп, тамчы-тамчы жүрөктөргө агып кирген ааламдагы ал кооздуктар, маңызындагы айкаштык, маанисиндеги уйкаштык жүрөктөрдө сүйүү козгогон таасирдүү бир күчкө ээ. Бул ыйык ылаззатты сезе билгендер бул дүйнөдө тата турган эч бир нерсе калбады деп айтсак аша чапкандык болбостур. Аларга, көрүп окугандары сүйүү тартуулап, инсандык сезимдерин жана руханий дүйнөсүн толкутат.

Мындай көз караш менен караганда бүтүндөй жаратылыш жана анын ичиндегилер башкача көрүнүп, жаратылышка тил бүткөндөй жандуу-жансыз баардык нерсенин үстүнө нур жаагандай болот. Баардык нерсе мындай ажайып көрүнүштө өзүн баяндай баштаганда, Жаратуучуга карата көкүрөгүбүздө сүйүү күчөйт.

Кээде шарттар туура келсе абал жана шарттар жүрөктөрдү өтө жумшарткандыктан, мындай учурларда “Бейишке киргиле” деп сунуш кылынса, ушундай руханий ылаззат ичинде калууну тандайт жана аларга болгон сунушка дароо эле “Ооба” деп айта бербейт.

Дүйнөнүн, жан дүйнөбүздү таң калтырган кооздуктары, жандуу-жансыз баардык макулуктардын бири-бири менен болгон тыгыз байланыштары, сүйүүлөр, сүйүлүүлөр, үмүттөр, таттуу кыялдар, арзуулар жана каалоолор Аны менен болгон сырдуу байланыштын чагылуусу болуп эсептелет. Биз татып жаткан дүйнөдөгү ырыскыларды, жагымдуу көз ирмемдери, жүрөгүбүздө Анын көңүл бурушунун бир көрүнүшү болуп саналат.

Жашоону сүйүктүү кылган Ал Өзү, биз жашоону Ал биздин ичибизге салган сүйүү менен сүйөбүз. Ошондуктан жагымдуу нерсени көргөндө жүрөгүбүздөгү Аллага болгон сүйүүнү дагы бир жолу жаңылап туруп, Андан кийин башка нерселерди сүйөбүз. Баардык ишибизге Аны менен баштайбыз, жана баардык иштерибизди Аны менен улантабыз.

Анын баардык нерсеси жакшы, Ага тиешелүү болгон жана Андан келген нерселер дагы жакшы. Сезимтал пенделер көргөн баардык нерселеринде Анын ишаараттарын көргөн сайын толкуп, өз жанын курмандыкка чалууну дагы аз деп эсептейт.

Албетте, бул маселеде ар кимдин сезе билүүсү ар түрдүү. Чөйрөлөрүнө көрөгөчтүк менен карагандар жана руханий ылаззаттардын туу чокусуна жеткен сезимтал инсандар өтө башкача нерселерди сезе алышат.

Мен баардык нерсени бир гана өзүмдүн сезимиме жараша сезе алдым. Сезгендеримдин канчалык деңгээлин силер менен бөлүшүп жаткандыгымды билбейм. Жан дүйнөсү бай инсандар баардык нерсени дагы өзгөчө сезет деп ойлойм. Ар дайым асман менен жердей өзгөчөлөнүп турган сезимдерге ээ болгон инсандардын боло тургандыгына жана алардын, жаратылышты түрдүүчө көрө тургандыгына ишенем.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.