Үй-бүлө башчысынын милдеттери
а) Бала төрөлөөрдөн мурда аткарыла турган иштер
аа) Уруктун таза болушу
Урук таза жерге ташталып, ал жерде өнүп-өсүп жатканда таза аба менен желдетилип, таза суу менен сугарылышы жана жакшылап каралуусу тарбиялана турган муундун сапаттуу инсан болуусу үчүн өтө маанилүү. Бул пикирди тастыктоо иретинде Бухари жана Муслим Алла Элчисинен риваят кылган хадис өтө маанилүү: “Бактысыз (тозооку), энесинин курсагында эле бактысыз; бактылуу (бейиштик) энесинин курсагында эле бактылуу”.
Ооба, бала эне курсагында бактылуу же бактысыз боло турган убакытка чейин эле ар кандай керектүү чараларды көрүү керек. Түйүлдүк пайда болгондон баштап азыктанган азыгы, ата-энесинин кыймыл-аракеттери дагы ал баланын бактылуу же бактысыз болуп жазылышына маанилүү себеп болот.
Биздин эркибиз жана иш-аракеттерибиз эске алынбастан эч бир тагдыр жазылбайт. Биз кандай кыймыл-аракет жасай тургандыгыбыз, ар бир кадамыбыз, ал кадамдарыбыз кандай натыйжа алып келе тургандыгы Улуу Жаратуучуга маалым болгондуктан, биздин эркибиз дагы эске алынуу менен баардык нерсе программага киргизилген. Өскөн чөйрөсү жана тарбияланышындагы себептер бактысыздыкка алып бара турган балдар бар. Бирок, Алла Тала өз мээрими менен алардын абалын бактылуулукка айландыруусу өзгөчө бир нерсе болуп эсептелет.
Ооба, баардык нерсе урук ташталгандан башталат. Ал жумуртка учурунда бактысыз же бактылуу болсо, мында арам тамактын, ата-эненин күнөөсүнүн таасири дагы чоң. Урук Алланын аты аталбастан ташталса, андан кайырдуу бир мөмө пайда болушу Алланын гана мээриминен. Туура эмес жол менен ташталган уруктан жакшы натыйжа алуу мүмкүн болсо дагы өтө кыйын. Мүмкүн эмес деп айтпайбыз; себеби, Абу Жахлдын тукумунан дагы Икрима сыяктуу улуу инсан чыккандыгына караганда, туура эмес жолдо жашаган үй-бүлөлөрдөн дагы кээде ыймандуу адамдар чыгып калышы ыктымал.
Ошондой эле “Силерди бир жалгыз жандан (Адамдан) жараткан, андан дагы жанында бактылуу болгула деп жарын (Обону) жараткан Ал (Өзү). (Адам) Жубайы менен (бириккенде) ал жеңил жүктүү болуп калды (кошбойлуу болду). Аны бир канча убакыт көтөргөндөн кийин кошбойлуулугу оордошо баштаганда, Аллага: “Сага ант беребиз, бизге кемчиликсиз (таза) перзент берсең, сага дагы көбүрөөк шүгүр келтиребиз,-” деп дуба кылышты” –деген аят ата-эненин кээ бир каалоолору боло тургандыгын баяндагандай эле, алардын Алла Таалага жүздөнүп, таза перзент суроолору керек экендигин кеңеш берет.
б) Адал тамак
Ата-эненин милдеттеринин бири өз ырыскыларына көңүл бургандай эле балдарына дагы адал ырыскы жедирүүлөрү керек. Мусулман адам үй-бүлө мүчөлөрүнө арам же шектүү нерсе жедирүүсү ыктымал болсо, ал адамдын үйлөнүшү арам же макрух боло тургандыгын эскерткен элек. Ооба, эч кимдин башка бирөөгө арам жедирүүгө акысы жок.
Ушул себептен, материалдык жактан камсыздоо менен жоопкерчилиги мойнубузда болгон балдарыбызга жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнө таза нерселерди жедиришибиз шарт. “Жалпыны кучагына алган балээ” деп арам жана шектүү нерселерди жедире албайбыз. Заман өзгөрүп, баары шариятка туура келбеген жолдордо болсо дагы биз арам жана шектүү нерселерди үй-бүлөбүзгө жедире албайбыз. Негизинде, жаңылыш жолдор менен тапкан пайда жана аны менен багылган балдарыбыз дагы, тозок дарагынын мөмөсү сыяктуу бир күнү биздин башыбызды оорутат же азапка салат.
Абалтадан талап кылынган милдеттерибизди аткарган болсок, дүйнөгө жаңы келе турган коногубуз белгилүү өлчөмдө бактысыздыктан алыс жана бактылуулукка ылайыктуу болуусун күтсөк болот. Бирок, жегенибиз , ичкенибиз , кийгенибиз жана жашообуз арам менен айкалышып турса, баланын бактылуу болуу ыктымалын жокко чыгарган болуп эсептелебиз.
Ооба, арам жеп, ичип, арам менен азыктансак, руханиятыбыз шайтан азгырыгына ачык болуп саналат. “Шайтан инсандын тамырларында кан менен кошо жүрөт” деп айтылгандай, ал адам баласынын кан тамырларында жүрөт. Иммунитет, лейкоциттерге аралашат. Ошондуктан урук-тукумга дагы жамандыгын тийгизет. Ушул себептен тээ башынан эле, балдардын кийим-кечек, тамак-ашы дин жол берген чектин ичинде болуу менен табылган мал-байлык менен камсыздалып, арамдан алыс болушу шарт.
Хадистерде айтылганы боюнча, Алла Тааланын Каабасын тооп кылып жатканда дагы үстүндө арамдан табылган акчага алынган кийим, ичинде арам тамак бар адам “Буйругуңа, амириңе даярмын” десе Алла Таала ага “Сенин айткандарың кабыл алынбайт” деп жооп берет.
Ошондуктан кийимдин тигишиндеги жиптин дагы арам жана шектүү болбоштугуна көңүл буруп, билинбегендери үчүн дагы Алладан кечирим сурап, ар дайым кылдат болуу керек. Биз таштаган ар бир урук же тозок дарагы болуп, башкаларды ууландырат же тамыры жер астына кеңири жайылган, башы асман тиреген берекеттүү дарак сыяктуу мөмөлөрү көлөкөсү , жалбырактары менен адамзатка, ал гана эмес башкаларга дагы кызмат кылып, адамзаттын бактылуулугуна салымын кошот.
в) Таалим-тарбия
Алла Элчиси (САВ) кеңеш бергендей, балага сүйүктүү жана мааниси туура ат коюу ата-эненин алгачкы милдеттеринин бири. Пайгамбарыбыз (САВ) ат коюуга чоң маани берген, “Пайгамбарлардын аты менен аталгыла. Ошондой эле Улуу Аллага аттардын эң сүйүктүүсү Абдулла жана Абдуррахман. Аттардын эң туурасы Хаарис (пайда алып келген, акырет бактылуулугун тапкан) жана Хумаам (эрктүү). Эң жаманы Харб (согуш, катаалдык) жана Мурра (сараңдык, ачуу) деген аттар”. – деп айткан жана “Асия” (каршы чыккан) деген сыяктуу душмандыкты билдирген ысымдардын ордуна “Жамийла” (сулуу) деген атты койгон.
Андан кийин эмчек эмизүү тууралуу укуктук процедура жана анын артынан эмчектен чыкканда баланын тамак-аш жагынан камсыздалышы жана тарбияланышы үчүн талап кылынган маселелер келет.
Ар бир жаңы төрөлгөн бала табигый аруулугу менен төрөлөт. Ырас, ал жазуу жазылбаган актай барак сыяктуу. Ага баардык нерсени силер жазасыңар, бирок, Алла ыраазы болгон нерселерди жазышыңар керек. Булар периштелерге жаккан, махшар майданында өтө турган, эсеп күнү таразанын оң жагына коюлганда оор баса турган жазуулар болушу зарыл.
Ата-эненин милдети, бул жазууларды өз убагында, өчпөй тургандай кылып, балдарынын көкүрөгүнө жазуу. Ооба, ар бир ата-эне, күнүмдүк жашоолорунун бир бөлүгүн балдарынын таалим-тарбиясы үчүн бөлүшү керек. Таалим-тарбиянын башка жактарын кийинки бөлүмдөрдө баяндайбыз.
Үй-бүлө - таалим-тарбиянын алгачкы очогу, эң биринчи мектеби. Ата-эне таалим-тарбия үчүн бөлгөн убактысын биринчи орунга коюу керек. Балдарынын тарбияланышында, Алланы таанытуу, алардын жаштарына жана маданий деңгээлдерине карата Аллага ыйман келтирүү пикирин берүү, ата-эненин биринчи милдети болуп саналат. Ушул себептен силер үйүңөрдөгү, Алланын буйруктарына каршы чыккан балдарыңарды-кыздарыңарды кайдыгер таштап салып, Каабаны зыярат кылууга кетсеңер, негизги милдетти таштап кеткен болуп эсептелесиңер.
Өзгөчө, атасы баласына динди, окуп-жазууну, Куран окууну, унаа башкарууну, сууда сүзүүнү ж.б. өнөрлөрдү үйрөтүүсү керек. Булчуңдарды гана булчуйткан спортторду эмес, жашоосу жана ден соолугу үчүн пайдалуу болгон спорт түрлөрүн үйрөтүүсү абзел.
г) Тарбиялоодогу жоопкерчилик
Азирети Пайгамбарыбызга (САВ) каза болоорунан бир аз мурда Анын өзүнө сездирилген. Ошондо Алла Элчиси (САВ) сахабаларга, “Кул бул дүйнө менен акыреттин бирин тандоого ыктыярдуу болду жана Ал акыретти тандап алды” – деп айтканда, мунун маанисин дароо түшүнгөн Азирети Абу Бакр (РА): “Эй, Алланын Элчиси, энем, атам сен үчүн садага чабылсын!” – деп ыйлаган эле. Ооба, ал кулдун Пайгамбар (САВ) экендигин дароо түшүнгөн болчу. Мындан башка Алла Элчиси (САВ) Коштошуу Ажылыгында кылган бир кутпасында дагы: “Жакында мен тууралуу силерден сурашат, мен дин жеткирүү милдетимди аткардымбы, кандай деп жооп бересиңер!” – деп айткан эле. Себеби Ал маанилүү милдетти аткарган болчу, бирок бул милдетти толук аткара албай калдымбы деп санаага түшүп турган болчу. Мындай кыжаалатчылыкка негиз жок экендигин анын жасаган иш-аракеттери жар салып турду, ал жердеги баардык адамдар бир ооздон: “Сен милдетиңди аткардың, пайгамбарлык кабарларды жеткирдиң, жоопкерчилигиңди так аткардың” – деп айтышты. Ал колун жогору көтөрүп үч жолу: “Оо, Алла күбө бол, оо, Алла күбө бол, оо, Алла күбө бол!”-деди.
Ал, улуу жоопкерчилиги тууралуу сурап, сахабаларынын күбөлүктөрүн алып жатты. Биз дагы өз жоопкерчилигибиздин астындагы, багып, тарбиялоо менен жоопкерчиликтүү болгон балдарыбыздан “жакында мен тууралуу силерден сурайт, эмне деп жооп бересиңер?” деп айта ала турган абалдабызбы. Андай болбосо, ишибиз кыйын...
Ошондуктан улуу Имам Зайнул Абидин “Алланын алдында сен, алар үчүн жооп бересиң” – деп, андан кийин калтыраган үн менен Алла Таалага кайрылып: “Оо, Жараткан Алла, балдарымдын таалим-тарбиясы жана аларга жакшылык кылуу маселесинде мага жардамчы бол!” – деп айткан. Себеби бир адамдын эң маанилүү, эң олуттуу маселеси, үй-бүлө мүчөлөрүн инсандык улуулукка чыгаруу менен аларга түбөлүк бар болуунун даамын таттыруу.
Кээде балдарыбызга белек алып, аларды кубантууга аракет кылабыз. Ал гана эмес, ажыга барып, Каабада жана Алла Элчисинин кабырынын жанында турганда дагы аларды эстейбиз. Ыйык иштер, маанилүү кызматтар дагы аларды унуттура албайт. Негизинде балдарыбызды эң жакшы эстөө, аларга Ислам адебин жана Мухаммед (САВ) адебин үйрөтүү болушу керек. Акыретте алардын түбөлүк кубанчына ортомчу болгон мындай белектей баалуу башка белек болбосо керек. Пайгамбарыбыз мындай деп айтат::
“Балдарыңарга мээримдүүлүк чачып белек берип кубандыргыла жана алары эң сонун тарбия адеп-ахлак менен өстүргүлө”. Ырас, Пайгамбарыбыз баскан жолду кайрадан жандандырып ошол багытта тарбия берүү эң чоң тартууланган кымбат белек эмеспи.
д) Үлгүлүү болуу
Ар бир момун-мусулман ата-эне, балдарын Курани Карим буйругандай көрүнүштө, коомдун эң жакшы мүчөсү кылып тарбиялап чыгарууну көздөйт. Бирок, алардын бул сезимдери жана каалоолору иш жүзүнө ашырылбай, намаз, ажылык, орозо, зекет... сыяктуу ибадаттар менен тереңдетилбесе, айткан сөздөрү таасирдүү болуусу мындай калсын, кээде тескерисинче кыймыл-аракет кылуусу дагы мүмкүн. Сөздөрү балдарына таасирдүү болушун каалаган баардык ата-энелер, айтууну каалагандарын оболу өздөрү жакшылап аткарып, андан кийин гана башкалардан талап кылуулары керек.
Имам Аъзам тууралуу деп айтылган бир икаяны темабызды тастыктайт деген мааниде айтып өтөм:
Ал учурда бир балага балдын зыяны тийгендиктен ага канча жолу “бал жебе” деп айтышкандыгына карабастан, ал бал жешин уланта берет. Бир күнү аны колунан жетелешип, Азирети Имам Аъзамга алып барышып: “Бул бала бал жейт, биз аны жебе дегенибизге карабастан дагы эле жеп жатат” – деп айтышат. Азирети Имам: “Бул баланы азыр алып кетип, 40 күндөн кийин мага алып келгиле” – дейт. Бала кырк күндөн кийин кайра алынып келинет. Имам баланы жанына чакырып, ага бал жебе деп айтат. Бала атасынын колун өөп, “Атаке, мындан кийин эч бал жебеймин” – дейт. Ал жерде турган адамдар: “Эй, Имам, алгачкы жолу алып келгенибизде эле насаатыңды айтпастан эмне үчүн бизди кырк күн күттүрдүң?” – деп сурашканда, Имам аларга мындай деп жооп берет: “Силер баланы мага алып келген күнү мен дагы бал жеген элем. Эгерде өзүм жасаган нерседен аны баш тарттырууга аракет кылсам, насаатым тескери таасирин тийгизмек. Бул кырк күн ичинде мен аны денемден тазалап салып, андан кийин насаат кылгым келди”.
Туура сөз айтуу менен бирге туура кыймыл-аракет кылуу керек. Себеби баланын астында кыймыл-аракеттерибиз менен сөздөрүбүздүн таасири анын бизге болгон ишенимин алсыздатат. Өмүрүңөрдө бир жолу болсо дагы жалганыңарга же кыймыл-аракеттериңер менен сөзүңөрдүн бири-бирине дал келишпестигине күбө болгон бала, муну эсинде сактап жүргөн учурунда ага ишеничсиз адам бойдон кала бересиңер. Дагы бир жолу туура эмес кыймыл-аракет жасасаңар бул нерсе дагы күч алып, балаңардын көз карашында жийиркеничтүү катары бааланасыңар. Мына ошол себептен силердин айткан сөздөрүңөр эч таасирдүү болбойт. Демек, кыймыл-аракеттериңерге өтө катуу көңүл бурушуңар шарт жана алар силерди ата-эне эмес, бир периште деп ойлошу керек. Алар биздин салабаттуулугубузду, кылдаттыгыбызды көрүп, ар дайым бизге ишениши керек. Ойлогон нерселерин ушундай жол менен балдарына жеткирген ата-энелер өтө ийгиликтүү мугалим болуп эсептелинет.
- Created on .