Сперма колбалары боюнча эмнелерди айта аласыз?

Бул колбалар «жасалма уруктандырууну» адамдарга да колдонууну максат кылат. Малды уруктандыруу көп убакыттан бери ишке ашы­рылып келе жатат. Бирок ушул эле жол менен адамдарга колдонуу жаңы нерсе.

Малдын тукумун асылдаштыруу олуттуу тема болсо да, бул нерсе­ни адамдарга колдонуу адамзатка урматсыздык экени калетсиз.

Сперма мурдагы муун «хувайна» (кичинекей жандык) деген, өсүм­дүктөргө салыштырмалуу үрөн, тукум түрүндө бир жандуунун прог­рамма сандыкчасы.

Үрөн топурактын ичинде өнүпөсөт. Сперма болсо, жатында... Экөө тең өз дүйнөлөрүнө тиешелүү алгачкы клетка болуп, барлыктын ке­лечегине байланыштуу маанилерди жана өзгөчөлүктөрдү камтыйт.

Ушул себептен, өсүмдүктөр дүйнөсүндө үрөн, жандууларда сперма тукумдун уланышын камсыздаган абдан маанилүү элементтер. Сы­паттар жана мүнөздөр бул аркылуу келечекке өткөрүлөт.

Жаныбарлар дүйнөсүндө түрүнүн сакталышы жагынан гана алган­да, абдан маанилүү болгон бул тема адамдар үчүн ошол эле учурда укуктук кээ бир принциптерге негиз болууда.

Мындан башка «шарияты фытрия» (ааламдагы мыйзамдар) себеп­түү да өтө маанилүү бир тема экени талашсыз.

Сперма колбаларынын максаты өсүмдүктөрдө жана малга колдо­нулгандай эле, адамдарга да «жасалма уруктандырууну» сунуш­тоодон башка эч нерсе эмес. Мындай иштин алгачкы эки түрү үчүн талашып тартышууга негиз жок экенин кабыл кылсак да, мурас, ни­келешүү, махрамият сыяктуу темалар себептүү, адам үчүн таптакыр башкача бир жагдай жаралууда. Мындан улам, уруктануу жана кө­бөйүүнүн көзөмөлгө алынышы алгачкы адам менен бирге пайда бо­луп, туура эмес колдонулган доорлордун сыртында адам баласы ме­нен уланып келген.

Мындай көзөмөлгө алуу мейли адамдын чектелбеген айбандык се­зимдеринен, мейли пенделик табиятынан болсун, коомдуктарыхый жана диний китептер мунун мындай болушунда бир пикирде.

Ушул себептен, алгачкы аял менен эркектин кошулушунун, бул ила­хий принциптер менен көзөмөлгө алынган деп ишенебиз. Укук пайда болгон доордон баштап, ошол беш башкы негиздин (усули хамса) бири болгон «тукумдун сакталышы» негизи менен бекемделип укук­тук маселеге айланган.

Бул негиз бизге муну билдирет: Адам үчүн уруктун жана урук таш­тала турган жердин (жатын) алгачкы бир эреженин негизинде (нике) бирибирине байланышы шарт. Башкача айтканда, урук менен урук ташталган жердин мурдатан бир бүтүн абалына келиши жана бөлөк бөлөк болуп көрүнгөн эркек жана ургаачынын кошулушу дегенди билдиргендиктен, үйбүлө биримдигинин үчүнчү жүзү болгон бала­нын теги ушуну менен аларга барып такалсын. Дин бул байланыш­ты никеге байлап, аны үйбүлө үчилтигинин эң бекем негизи катары санаган.

Никесиз кошулуулар болсо, дин боюнча сифах (зынаа), адепахлак­тык пастык жана үйбүлө үчилтигин бузуп, тексиздик пайда кылууда. Мындай учурда аял, эркек зынаакор, алардан төрөлгөн бала тексиз деп аталат.

Мына ушул себептен Алла Таала тарабынан түшүрүлгөн баардык диндер нике темасына олуттуу түрдө токтолуп, аны инсандыктын та­лабы катары карашкан. Ал эми зынаа, чектен чыккан адам рухунун ташкындоолору жана адашуулары катары кабыл кылынып, адамдын айбандашуусу болуп саналган.

Эми, артка кайталы. Уруктун жана жатындын бирибирине көз ка­ранды болушу боюнча каралган жана кимге таандык экени билинбе­ген сперма аркылуу уруктандыруу жүргүзүү шариятка туура келеби?

Негизи, мындай уруктануу менен зынаа жолу аркылуу төрөлгөн ба­ланын ортосунда эч айырма жок. Эки жолдо тең урук менен ал таш­талган жердин ортосунда эч кандай келишим болбогондуктан, тек­сиздик пайда болууда.

Мындай абалда болсо, мурас, үй-бүлө куруу, махрамият сыяктуу чечилиши мүмкүн болбогон маселелер пайда болуп, мындан бол­со жасалма уруктандыруу темасынын жеңилжелпи бир негиздерден эмес экени билинет.

Мындан башка психосоцилогиялык жактан, үйбүлө психологиясы жагынан абдан опурталдуу маселе болуп көрүнөт: баланын өз уругу­нан жаралбаганын билген ата чоңойткон ошол күнөөсүз балага кара­та ичиндеги чоочундукту өчүрө албайт жана дайыма кабатырлануу менен мамиле кылат. Мындай жагдайда эненин абалы кандай болору абдан ойлонтуучу маселе.

Бул жерден төмөнкүдөй суроо пайда болушу мүмкүн: Биздин максатыбыз аялга никелүү күйөөсүнөн алынган сперманын уруктанды­рылышы. Эмне, бул дагы адал эмеспи?

Мындай берилген суроого дароо «ооба» деп жооп берүүнү шашы­лыш түрдө берилген өкүм деп эсептейбиз. Анткени суроо канчалык «ооба» дедирте турган абалда болсо да, анын астындагы кара ниет менен демагогия бизди дагы да этият болууга түртөт.

Эмне үчүн табигый жол тургандан кийин мындай табигый болбо­гон жол тандалууда? Бардык затка өтүмдүү болгон өкүмдөргө ыла­йык түрдө иш кылып, илахий хикметке баш ийүү жакшыраак эмес­пи? Адамдын жаратылыш мыйзамдарына баш ийүүсү бир негиз бол­гонуна караганда, жасалма уруктандыруу табигый эмес бир жол бо­луп, муну ишке ашыргандар жашыруун зынаа уюмдары болуп санал­байбы?

Мындан башка төмөнкүдөй дагы бир суроо болушу мүмкүн? Силер айткан бул нерсе эркек менен аял уруктанууга дарамети жетип турса, болот. Мындай абалда табигый жолду тандап алуу шарт. А бирок эр­кек ар убак дараметтүү болбой калышы мүмкүн.

Анда биз мындай уруктандыруу кимдин уругу менен кылынарын сурагыбыз келет. Эгер эркек эркектик жактан алсыз болсо, андан чыккан сперма күтүлгөн функцияны аткара албаса, мындай эркектен алынган спермадан уруктануу жүрбөсү талашсыз... Анда кайра эле чоочун сперманы колдонуу маселеси келип чыгат...

Эгер мындай «жасалма уруктандырууга» түрткөн нерсе жатындын буулушу, жатындын күчсүздүгү жана жатынга тиешелүү бузуктуктар болсо, анда врачтын кийлигишүүсү шарт. Эгер жатын күтүлгөн нер­сени аткара албаса, уруктандыруунун эч бир мааниси калбай калат.

Андай болсо, маселени жөнөкөйлөштүрүп, «урук күйөөсүнөн бол­со, адал, болбосо, адал эмес.» деп берилген өкүм туура болсо да кем жана туура эмес ниетте колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлүп калууда.

Бул маселени козгогондор туура эмес ниетке жол ачуу максатында өкүм сурагысы келип жаткандай деп ойлойм.

Мындан башка «шарияты фытрия» өңүтүнөн караганда да бул ма­селе ар убак сынга алына турган маселе. Мындай теманы деталдуу түрдө кароонун эч бир пайдасы жок, бул менин тармагым да эмес. Аны келечектеги профессионал врачарга жана мал боюнча ветери­нарларга жана зоологдорго калтыруу эң жакшы жол.

Албетте мындай жол жандуулардын табиятына карамакаршы экени талашсыз. Анткени ар бир жандуу өз түрүн улантуу үчүн жыныстык катнашка барууга мажбур. Бул сырдуу мамиледе аванс түрүндө кичине бир сыйлык, убактылуу бир лаззат берилүүдө. Муну жандуулар­дын табиятына койгон Улуу Жаратуучу да өзгөрткүсү келбейт.

Ошондуктан, эч кимдин табиятка таандык бул мыйзамды өзгөр­түүгө, жоюуга акысы жок. Мындай аракет жаратылышты өзгөртүүгө аракет болуп саналат.

Бул болсо негизинен эле кабыл кылынбайт жана шайтандын жолу болуп саналат. Адамды башка жандуулар менен бирге муталаа кы­луу сыяктуу адамзаттын маанисине каршы паска түшүрүүчү бир жа­гы бар: адам болгон ар ким мындай аракетке каршы чыгышы керек.

Бирок доорубуздун инсаны али табигый илимдердин алиппесинде эмгектеп жүргөндүктөн, аны заттар жана кубулуштар боюнча кылган чекиликтеринен куткаруу оңой эмес.

Ар тармакта болгондой эле, илимдерде бөгөөттөрдүн ачылышын күткөн ушул күндөрдө лунатиктерибиз чындыктарды көрсө экен де­ген тилек менен!

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.