Биримдик жана ынтымак

Учурубузда ар түрдүү агымдар бар жана бул боло турган нерсе. Замандаштарыбыздын ою чаржайыт. Илимдердин негизи изилдөөнү талап кылган күмөндүү нерселер болгондой эле, ой-пикир, көз караш агымдарынын башаты да бир жагынан алып караганда, чаржайыт. Учурга жараша муктаждыктарын камсыздай алган жана табигый өнүгүшүн уланткан коомдордо социалдык көйгөйлөр жок эсепте. Материалдык-руханий муктаждыктарын жоё албаган жана табигый өнүгүшүн тездете албаган коомдордо ички жана тышкы күчтөрдүн кысымдарынын күчөшү менен башаламандыктар көп болот.

* * *

Коомдогу башаламандыктар алай-дүлөй болгон бороонго окшошот, бирок көпчүлүк учурда анын натыйжасы жакшы. Себеби, коомчулук башаламандык менен жаңыланууга мажбур болот жана мунун арты менен учурдун талабын түшүнөт. Кайсы коом өзү жашаган доорду билбесе, ал доордун өзгөрүшүнө, өнүгүшүнө кошула албаса, ал коомду тирүү деп айтуу мүмкүн эмес. Себеби, ал кыйроого учураган болуп эсептелет.

* * *

Бүгүнкү күнүбүздө жалпы адамзат деңгээлиндеги чайпалуунун артында, мына ушундай башаламандык жана ички-тышкы күчтөрдүн кысымы менен жаңылышуу бар. Бул жалпы чайпалуудан кыйрабастан кутулуп чыгып кете алган элдер өз үлүшүнө ээ болуп, жаңы дүйнө курушат.

* * *

Биздин элибиз жана боордош элдер да мындан четтеп кете алышпайт. Демек, биздин элибиз менен боордош элдер да, зор кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, акыры аягында өздүк маңызына ээ болот.

* * *

Мына ушундай абалды басып өткөндөн кийин жаңыдан туруктуу принциптерди кармануу негизги маселе болуп саналат. Тескерисинче, коомдук эрежелерди жакшы билбей жасалган туура эмес иш-аракеттер башаламандыкты пайда кылат.

* * *

Мына бүгүн биз ушундай каар замандан кийин кайрадан жанданып, бактылуулукка жетүү, же арзыбаган пайдалар үчүн туура эмес кадам таштап, Кудай сактасын, артка кетүү алдында турабыз...

* * *

Чындыгында, ынтымак жана ажырым маселеси бүгүнкү күнүбүздө өтө актуалдуу. Ал бардык доорлордо маанилүү маселе болсо да, азыркы жаңылануу доорунда коомдук өтө зор маселе болуп калды. Кылымдар бою калкыбызды куураткан ажырым жана келишпестик, сезимдер бийлеп турган азыркы күнүбүздө өтө коркунучтуу абалга келип жетти. Биз үчүн мындан дагы чоң коркунучту элестетүү мүмкүн эмес.

* * *

Коомубуз илим-билими, ой жүгүртүүсү тайыз, жан дүйнөсү жарды, туура жол көрсөтөөр адамы жок аянычтуу абалда. Айтканын бербеген кежирлик жоюлмайынча биримдик жана ынтымактын болушу өтө кыйын.

* * *

Ынтымак жана биримдик - бул акылмандуулук. Акылдуулукка таянган биримдик жана ынтымак узакка созулат. Бүгүнкү күнүбүздө болсо сезимге гана таянган бир туугандык өкүм сүрүүдө. Мындай бир туугандык жана ынтымак көпкө созулбайт.

* * *

Кээ бир топторго каршы душмандык үчүн биригүү сезимге алдырган убактылуу биримдик болуп саналат. Азыркы абалдагы мындай биримдик туш тарабынан душмандары курчап турган эл үчүн жетиштүү эмес. Биздин ыйык принциптерибизге карама-каршы келгендей эле, элибиздин келечеги үчүн да эч кандай пайда алып келбейт.

* * *

Демек, ички жана тышкы себептерди эске алуу менен элдик биримдикке негиз түзө турган жактарыбызды кайрадан изилдеп карап чыгышыбыз зарыл. Ооба, алдыга койгон максат жана ага жеткире турган жолдорду кайрадан карообуз керек. Материалдык-руханий, бул дүйнө жана Акырет бактылуулугубуздун негизин түзгөн биримдигибиз жана ынтымагыбыз үчүн жок дегенде, англо-саксон жана галлдардын биримдигиндей биримдикке зор муктаждык бар.

* * *

Душмандарыбызды алагды кылуу, көз ачырбай салуу сыяктуу акылдуулукту, жөндөмдүүлүктү талап кылган иштерди жасай албасак да, эң жок дегенде алардын айла-амалына алданбашыбыз керек. Бул өтө зарыл маселе...

* * *

Ар кандай пикирде, көз карашта болуу адамдардын табиятынын түрдүүлүгүнөн келип чыгат. Жараткан Алла ушундай болушун каалаган жана мында Алланын мээрими, даанышман сыры бар. Бирок, табигый айкаштыкка жана биримдикке адам баласы өз эрки менен ээ болушу керек.

* * *

Коомдогу ынтымак жана биримдиктин орношу үчүн жүрөктөрдө адамгерчилик жана адамзатты сүйүү сезимдеринин пайда болушу керек. Өзүмчүлдүк, “Менде жок болгондон кийин башкалардын колунан келе турган жакшылыкты да, ал жакшылыкка ортомчу болгон нерселерди да каалабайм” деген сыяктуу адилетсиздик, өзүнүкүн гана туура деп эсептеп, аны ээрчибеген адамдардын баарын каапырга, адашканга жана күнөөкөргө чыгаруу сыяктуу сезимдер жоголмоюнча, мындай ынтымак жана биримдиктин орношу мүмкүн эмес деп эсептейм.

* * *

Баарынан мурда, түпкүлүгүнөн айырмаланбаган түрдүү көз караштарды нормалдуу деп эсептөө жана эң эле жок дегенде бөтөн бирөөгө карата жасалма сылыктык кылганчалык, мекендеш адамдарга да ушундай мамиле жасалышы зарыл. Ыйык биримдигибиздин жана келечегибиздин талабы.

* * *

Ушундай биз үчүн өтө зарыл жана ыйык болгон биримдик жана ынтымагыбызга коркунуч туудурган кээ бир бузуку себептердин бар экендигин моюнга алуу – акыйкаттуулуктун белгиси:

1. Узак убакыттан бери диний кызматтардын аткарылбай калышы, андан кийин бул милдет ар түрдүү топтор жана жамааттар тарабынан аткарылып, бирок ал жамааттардын жалпысына сөзү өтө турган лидердин жоктугу ар бир топтун өз алдынча кетишине себеп болгон. Булардын кээ бири ар бир айылда Куран үйрөтүү курстарын ачуу менен, кээ бири диний түшүнүктү кайрадан жандандырууга өбөлгө түзгөн китептерди окуу менен интеллектуалдык деңгээлдеги адамдарды тарбиялап чыгаруу жана кээ бири саясатка аралашуу жолу менен элине кызмат көрсөтүүгө аракет кылышкан. Мына ошол себептен биримдик жок, ар кимиси өз алдынча болуп келишкен...

2. Бул топтордун жана жамааттардын баары өз жол башчыларын мужаддид деп таанышы, бул бир жагынан бейкүнөө сыяктуу көрүнсө да, жамааттар арасында ажырымга себеп болгон. Себеби, мусулмандардын көкүрөгүндө мужаддид түшүнүгү Кыяматка чейин сакталгандыктан, динге каршы жаман иштер көбөйгөн учурларда илим жана иш-аракети менен алдыга чыккандар жана аларды ээрчигендер боло берет. Чоң жамааттардын ойпикир жана руханий жактан калыптанышында, коомдун соолуган жактарынын жанданышына себеп болгон адамдар мужаддид деп аталат. Аларды ээрчүү зыянсыз болсо да, бул жолдо там-туң баскан жаңылар үчүн бөлүнүү жана ажырымга себеп болушу мүмкүн.

3. Махдиликте да, мужаддиддиктеги нерселер бар. Коркунучтуу Акыр заман бузукулугуна каршы жеке адам үчүн да, жамаат үчүн да махдилик ишеними өтө зарыл. Ишеним, ыйман алсыздап, ибадаттар аткарылбай калган учурда бизге жүзөгө ашышы мүмкүн эместей көрүнгөн иштерди бир демде жасап сала турган адам керек. Муну, акылы тунук адамдар кабыл алат. Бирок, белгилүү бир адамды урматтоо жана жамааттагы өзүнүкүнөн башканы кабыл албоо кежирлиги келишпестикке жана ажырымга себеп болушу мүмкүн.

4. Мындан сырткары ортобуздагы келишпестиктер сырттан тутандырылып жаткандыгын да көңүлгө алышыбыз керек. Зор мамлекеттерди куруп, кылымдар бою жер жүзүндө өкүм жүргүзүп турган эл катары коңшуларыбыздын жана замандаштарыбыздын көралбастыгына дуушар болгондугубуз да чын.

* * *

Миң жылга жакын убакыттан бери уланып келген согуштар, кол салуулар элибизге каршы душмандыктын белгиси. Курал-жарак эмбаргосу менен бирге соода-сатык эмбаргосу, союздаштарыбыздын да эл аралык кээ бир маселелерибизге кайдыгер мамилеси, батыш өлкөлөрүнүн, жадагалса, биз мүчө болгон уюмдарда да бизге үчүнчү сорттогу мамлекет катары карашы алардын биздин өлкөбүзгө жана элибизге дагы эле достук мамиледе эмес экендигин көрсөтүп турат. Ачык-айкын белгилүү болгон бул мамилелердин артында кээ бир тескери мамиленин тургандыгын көрбөстүк сокурлук болсо керек...

* * *

Мындай терс мамилелер материалдык пайданы гана көздөгөн мамлекеттердин ортосунда демейдеги көрүнүш болсо да, бул тарыхый чындык болуп саналат.

* * *

Бүгүнкү күнүбүздөгү коркунуч мурдагы замандарга караганда, башкача көрүнүштө уланууда. Мурда коркунуч сырттан келгендиктен, ага каршы туруу оңой болчу. Ал эми азыркы учурда коркунуч өз ичибизде. Ошондуктан, буга каршы туруу кыйындады деп айтууга болот. Жугуштуу оору сымал жалпы коомчулукту кучагына алган адепсиздик, бетсиздик коомчулуктун негиздерин кыйратканда динден, адептен алыс нигилизм, атеизм сыяктуу түшүнүктөргө азгырылып ыйык баалуулуктарды сыйлабас абалга келген муундар, орой тил менен айтканда ой-пикир жана руханий тексиздиктин курманчылыгына айланышты жана бүгүн коркунучтуу башаламандыкта жашап жаткандыгын да сезишкен жок.

* * *

Бул башаламандык момун-мусулмандарды да аралаган жок деп айтуу кыйын. Ооба, кээде мазхаптардын ортосундагы айырмачылыкты көрсөтүү, кээде этникалык айырмачылыктарды көрсөтүү сырткы күчтөрдүн колдонгон куралы болгондуктан, бул этияттыкты талап кылган маселе. Чындыгында, динге кызмат кылган жамааттар бөлүп-жаруучу бузукулуктарга алданганы, же башкалар тарабынан багыт берилгендиги тууралуу таяна турган далил жок. Кээ бир жамааттар тууралуу айтылган ушак-айыңдар бар болсо да, ыйман жана Куран кызматындагы жамааттардын сырттан башкарылбай тургандыгы тууралуу далилдер дагы кубаттуураак көрүнөт. Бирок, жамааттар ой жүгүртүү жана руханий жактан бышып жетилбегендиктен, ички өз ара талаш-тартыштын болушу мүмкүн. Мындай талаштартыш билип-билбестен душмандын карөзгөй максатынын ишке ашышына өбөлгө түзүү болуп саналат.

* * *

Биздин өлкөдө жана башка Ислам дүйнөсүндө Куран жана ыйман кызматында бириккен жамааттар үчүн төмөнкү коркунучтар бар:

1. Кээ бир улуу инсандардын бийлик-мансап жана атак-даңкты сүйгөнүнөн пайдаланылып, башка жамааттар менен атаандашууга түртүлүшү;

2. Ислам дини үчүн кызмат кылууда башка жамааттарды “кулатууга” аракет кылуу;

3. Илим жана жакшы сапаттардын жемиши Акыретте болгондугун эстен чыгарып, аткарылган бир аз жакшы иш-аракеттин үзүрүн бул дүйнөдө үмүт кылуу;

4. Өзүнө тарта турган кызмат жамааттынын таасирин кайтаруу үчүн ага каршы жаңы топторду түзүү, ич ара талаш-тартыштарды, бөлүнүп-жарылууларды пайда кылуу менен коомчулукту кыйратуу;

5. Элге кызмат кылгандар өз милдеттерин сүйүп, ошону ойлоп жашоонун ордуна башкаларга душмандык кылуу менен алек болушуп, Алланын жардамынын келишине ортомчу боло турган нерсенин жоголушу;

* * *

Буга кошумча, адамдарга канааттандыраарлык маалыматтын берилбегендигин, алардын жан дүйнөсүнүн ачкалыгын, коомдун кээ бир кыялдуу ойлорго жетеленип туура эмес системаларды ээрчишин жана көпчүлүгүнүн руханий жашоодон алыстатылышын да айтууга болот...

* * *

Ооба, адамдар бир жагынан руханий ачкалыкка кабылып, экинчи жактан шаан-шөкөттүү өмүр сүрүп, шапар тепкен азчылыктын айбандык сезимдерди козгогон азгырыктары менен элдик маданияттын нугунан чыгарылышы да өзүнчө бир көйгөй болуп саналат.

* * *

Социологдор жана антропологдор жер жүзүндө динсиз коом жашабагандыгы тууралуу бир пикирде. Тарыхта дүйнөнүн эч бир жеринде динсиз коомду кезиктирүүгө болбойт. Дин жана ишеним адам баласынын табиятында бар. Адамды мындан алыстатуу жеке жана коомдук депрессияны пайда кылат. Жан дүйнөсү ач калган адамзат сөзсүз түрдө өзүн канааттандыруунун жолун издейт. Ар түрдүү агым жана ар кандай көз караштагы адамдардын өз пикирлерине жараша көңүлдөрүн тойгузуу жолдорун издеши кандай башаламандыкты пайда кыла тургандыгы айтпаса да түшүнүктүү. Адам баласынын табияты көңүлгө алынбастан сунулган жашоо философиясы ушундай көйгөйлөрдү жаратып, мамлекет жаман абалга түшөт.

* * *

Мына ушул балээлердин катарында батышка жүздөнүп баш айланган адамдарды да айта кетүү керек. “Мамлекет” дегенде туранчылыкты, “улут” дегенде фашизмди, “дин” дегенде эскичиликти түшүнгөн бул адамдардын бир-эки кылымдан бери эмне айтканын, эмне жазганын түшүнүү кыйын. Бир убактарда болгон дити менен батышка жүздөнгөн бул байкуштар кийинчерээк “империализм жана капитализм”,- деп батышка каргыш жаадыра башташты. Демек, биздин күнкарама сыяктуу батышка жүз бурушубуздун белгилүү бир максаты болбогондой, эле ага сыртыбызды салышыбыз да пландуу нерсе эмес.

* * *

Учурубузда элдик жана диний баалуулуктардын кыйратылышы атеист адамдардын тарбияланып чыгышына жол ачкандай эле, шариятка туура келбеген муктаждыктарын канааттандыруу үчүн бири-биринен кабары жок өз алдынча топтордун, диний жана коомдук кызмат тармагын түзүп, ошол жаатта иш алып барышы көптөгөн жамааттардын пайда болушуна жол ачкан. Кээде бул топтордун ортосунда катуу талаш-тартыштардын, коркунучтуу кагылышуулардын болуп кеткендиги да чын. Айрыкча, ыкыластуулуктан алыс, напси аралашкан иштерде талаш-тартыштар чоң чатакка айланган.

* * *

Ушунчалык тоскоолдуктар болуп, жашоо кыйындаганда мээримдүүлүк менен жардамын жиберип турган Улуу Жаратуучубузга жаныбыз садага болсун!

* * *

Жамаатташуу сезими адам баласынын табиятында бар. Жакшылыкка багытталбаган бул сезим көпчүлүк учурда пендеге да, адам баласынын табиятына да каршы келип, ага да, башкаларга да зыяндуу болот. Бул сезим түркөйлүк, көралбастык, өзүнүкүн гана туура деп эсептөө менен колдоого алынганда кандуу кармаштар болуп кетиши ыктымал. Ал эми илим-билим, толеранттуулук жайылып, алака жана түшүнүшүү болгондо, жамааттардын ортосунда биримдик жана тилектештик пайда болот. Мына ушундайча табият жана анын мыйзамдарынын негизинде кызуу кандуулугубуз басаңдайт деп ойлойм.

* * *

Диндин акыйкаттуулугу, максат жана принциптин бир болушу усул өзгөчөлүгүнүн таасирин жоё ала турганчалык күчтүү, түп-тамырлуу жана бекем туруктуулуктан кийин болбогон эле шылтоолор менен талаш-тартышты пайда кылуу акыйкатты көрбөгөн сокурлуктун белгиси. Негизинде, Алланы тааныта турган жана Алланын ыраазычылыгына жеткире турган миңдеген жолдор бар. Мына ошол жолдогу ар бир аракеттер бааланып, баркталып, бул жолдо аткарылган кызматтарды алкыштоо керек.

* * *

Башкаларды ыймансыз, динсиз, күнөөкөр катары саноо пайдасыз жана кооптуу түшүнүк болуп эсептелет. Менин оюмча, ар бир адам өзү тутунган жолду таанытуу, сунуштоо менен алек болушу керек. Бул жол акылмандык жолу болгондой эле, ыйман жана Курандын да талабы. Бул жолдо баары өз жамаатынын пикирин тутунат, башка жамааттарга душмандык кылбайт. Аларды сынга алып, көңүлүн калтырбайт. Өз жамаатынын баркын башкаларды жамандап, акаарат кылуу аркылуу көтөрүүгө аракет кылбайт. Аларды да бир тууган деп билет жана кемчиликтерин издебейт. Алардын ийгиликтерин көргөндө, жогору баалап, кубанат. Кыскасы, баары менен жакшылык жарышында бара жаткандыгын жана алар менен баалуу казынаны ташып бараткандыгын эч эсинен чыгарбайт. Бир багытта бара жаткан тилектештерин жардамчы катары кабыл алат.

* * *

Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) доорундагы адамдар ушундай ойдо Муну жашоосунда жашап көрсөтүшкөн. Адамдардын ортосунда ынтымак, ымала пайда кыла турган себептердин табиятка айланышына, бир туугандык түшүнүгүнүн өнүккөнүнө карабастан, бири-биринен айырмаланган ар түрдүү жакшылыктарга себеп болгон түрдүү жөндөмдөгү адамдарга кийлигишүү болгон эмес.

* * *

Абу Зарр менен Абдуррахман бин Ауфтун, Билал менен азирети Усмандын кадыресе айырмаланган түрдүү көз караштары четке кагылган эмес.

* * *

Коомдогу ынтымактын ыдырашына себеп болбогон уруу жана урук түшүнүгүнө белгилүү деңгээлге чейин тыюу салынган эмес. Мухажир жана ансар деген эки зор дарак ошол бойдон сакталгандай эле, аус жана хазраж деген аталыштар да сакталган. Саъд бин Муаздын уруусуна “башчыңар келгенде ордуңардан тургула” деген сөздүн түпкү максаты адам табиятын көрсөтүү болчу жана ар бир уруунун казатка карай өз туусунун алдында баруусу патриоттуулук отун жеңиш жана ийгилик үчүн жаккан. Жадагалса, алардын ортосунда талаш-тартыш болбошу үчүн мактанычтарга да көңүл бурулган эмес. “Куран жаттагандар бизден, баланча бизден, түкүнчө бизден” деген сыяктуу сөздөр толеранттуулук менен кабыл алынып, булар тез чоңоюп бара жаткан жамаат үчүн бийиктикке үндөө болгон.

* * *

... Ооба, булар бар болчу. Бирок ынтымак жана биримдик да бар эле. Алла Тааланын ыраазычылыгына жетүү жолунда баары бир ыргакка кошулчу.

* * *

Жаңыдан тирилүүнүн ансар жана хаварийлери өз бактысын башкалар үчүн унутуп койгон жана чөйрөсүнүн бактылуулугун көрүп, көңүлдөрү бейиштегидей эргиген азаматтар болушат.

* * *

Доорубуздагы топтолушуунун эң коркунучтуусу, балким, урук, жек-жаат болуп топтолушуу болсо керек. Бул сырткы күчтөрдүн таасири экендиги анык.

* * *

Зор мамлекеттердин, ал гана эмес түрдүү идеологиялардын ортосунда таймаш, кагылышуулар жүрүп турган жана чоң бир айылга айланган жер жүзүндө эл аралык шериктештиктер, биримдиктер түзүлүп жаткан учурда мындай түшүнүктүн болушу өтө таң калычтуу. Айрыкча, бир аймакта жашап, социалдык бирдей абалдагы адамдарды түрдүү этникалык топтор катары кароо күлкү келтирээрлик нерсе. Эртеңки күнкү коогалаңдарга негиз болгондуктан, өтө коркунучтуу.

* * *

Демек, саясий жана саясий эмес бардык топтор үчүн Курандын чакырыгынан башка эч кандай чара жана акылга ылайык далил калбагандыктан, адамдарга мындай деп кайрылабыз: “Баарыңар бирге Алланын жибин бекем кармагыла жана эч бөлүнүп-жарылбагыла”. Кечээ күнү болгондой эле бүгүн да ушундай бир туугандыкты жүзөгө ашырууга болот. Эң негизгиси, бул олуттуу маселеге акылдуулук менен кароо керек.

* * *

Мындан ары бардык маселелерибизди сезимге алдырбастан, ыйык принциптерибиздин негизинде чечишибүз зарыл. Себеби, бөтөн мамлекеттердин сунуштаган жолдору жана биздин арабыздагы кээ бир пайдакор топтордун чыгышы, ыйык максаттарды барктоо сезиминин алсыздашы, ошондой эле элдик баалуулуктардын ордун кээ бир арзыбаган пайдалардын ээлеши ортодогу ынтымакты дагы да бекемдешибизге зарылдык туудурууда. Ыйман негиздери бирдиги, ибадат жана амал бирдиги, мамлекет жана маданият бирдиги, кылымдарды карыткан ачуу-таттуу тагдыр биримдиги, сырткы душман жана атаандаштык бирдиги сыяктуу шериктештигибиз... Ооба, булардын баары эң улуу нерселерден да бекем байланыш болуп саналат. Ал эми бөлүнүүгө себеп боло турган нерселердин эч нерсеге арзыбагандыгы ачык-айкын түшүнүктүү эмеспи.

* * *

Негизинен, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) да бул маселеге ушул өңүттөн караган. Күбөлүк келимеси эң чоң негиз катары кабыл алынгандай эле, аны айткан ар бир адамдын кол тийбестигинин белгиси болгон. Усаманын жана Мухалламдын айыпталышы сыяктуу көптөгөн окуялар Алланын алдында эмне негизги нерсе экендигин ачык-айкын билдирген.

* * *

Демек, ыймандуу адамдардын кыбыласы бир болгон момундар менен түшүнүшө албашы, жадагалса бирибирин адашкан жолдо деп күнөөлөөгө аракет кылышы кантип ыйманга туура келсин?! Айрыкча, мындай ишти кылгандар элге таасир бере ала турган адамдар болсо, анда кыйратууга себеп болуу менен кылмыш жана күнөө кылган болбойбу? Ооба, көпчүлүктү толкуткан мындай наадандар коомдогу салмагы менен бир жаңылыштыгы миңге жеткен имам, башчы, лидерлер болуп саналат.

* * *

Бардык жол башчы, жол көрсөтүүчү, лидерлерге жалпыны оң жолго баштоого багытталган ишин дагы бир жолу эскерте кетүүнү туура көрдүк.

* * *

Сүйсөңөр Алла үчүн сүйгүлө, жек көрсөңөр Алла үчүн жек көргүлө, ачуулансаңар Алла үчүн ачуулангыла. Напсибизди ээрчибейли, себеби напсин ээрчиген адам Алланы да, адамдарды да ыраазы кыла албайт. Келгиле, досторубузду акыйкатка ылайык жакшы көрөлү жана аларга адамгерчиликтүү мамиле жасайлы. Душмандарыбыздын айла-амалына алдануудан сак бололу. Көз караштарыбыздын айырмачылыктарын, душмандыкка себеп кылбайлы.

* * *

Жек көрүү жана өчүгүшүү ушул убакытка чейин эч бир маселени чечпегендигин эске алып, маданияттуу адамдарга ынандыра турган сөздөр менен кайрылуу зарыл экендигине ишенип, дагы бир жолу биримдик жана ынтымакка чакыралы.

* * *

Ынтымакташтыруу каарманы сыяктуу жолуккан адамдын баарына эле “Кел, биригели”,- деп айтуу да орунсуз сунуш болуп саналат. Айрыкча, сунушубуз өз тобубузга чакырык иретинде болсо, анда ал урматтабастык болуп саналат. Себеби, мындай аракет ушул убакка чейин туура жолдогуларда да жамааттын намысына тийүүдөн башка ишке жараган эмес. Тескерисинче, адамдарды кылган кызматтары үчүн алкыштап, алардын жол башчыларына урмат көрсөтсөк, эң катаалдарын да жумшарта алабыз.

* * *

Момун мусулман ааламга “бир туугандыктын бешиги” катары карап, жаратылган бардык нерселер менен байланышта болуу жолдорун издөө жана жалпысынан момун мусулмандарга ар дайым жакшы мамиле жасоо керек.

* * *

Бизди ушундай деңгээлге жеткирген Алла Тааланын даанышмандыгын да сындабашыбыз керек. Ким билет, балким, али бышып жетиле элек бул коомдун дагы бир канча убакытка чейин ушундай абалда болушу зарылдыр...

* * *

Сынга алууну токтотуп, барктап, даңазалап жашайлы, Алла бизге жардам кылсын...

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.