Максат жана себеп

Адамдын колу-буту себептерге байланып калбашы үчүн бардык иш-аракеттерде, оболу, максат белгилениши керек. Элге кызмат кылууда рухка багыт берилбесе, көз караштар бузулуп, кызмат жолундагы адамдар да анын курбанчылыгына айланат.

* * *

Бардык иштерде негизги максат белгилүү болушу керек. Андай болбосо, эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат дегендей, эч кандай жакшы натыйжага жете албайт. Канчалаган мактанычтуу иш-аракеттер максаты билинбегендиктен жемишсиз болуп, эч кандай жакшы жыйынтык бере албагандай эле, бир топ жек көрүү жана душмандыкка себеп болгон.

* * *

Пенденин бардык иштеринде Улуу Жараткандын ыраазычылыгы болушу керек. Андай болбосо, ал ар түрдүү нерсеге сыйынып, негизсиз нерселер акыйкаттын ордун ээлеп, напсисинин артынан эрчип кетет. «Дин жолунда күрөш жүрүгүзүп жатам»,- деп, ар түрдүү кылмыштарды жасашы мүмкүн...

* * *

Алланын ыраазычылыгы үчүн жасалган иштердин тамчысы дарыяга, бир көз ирмеми түбөлүккө барабар. Демек, Ал ыраазы болбогон жол менен дүйнөнү бейишке «айлантсаң» да, эч нерсеге татыбайт жана ээсине жүк болот.

* * *

Себептер максатка жеткиришине жараша баалуулукка ээ. Мына ошондуктан максатка жеткирбеген, жадагалса ал жолдо тоскоол болгон себептерге карата каргыштар айтылат. Дүйнөнүн наалатка калышы да анын ушуга байланыштуу. Ал эми Алланын ысымдарын чагылтып турган керемет кооздугу менен дүйнө сүйүүгө жана алкышка татыйт.

* * *

Акыйкатты жеткирүүнүн түрдүү жолдору бар. Бул жолдор Алланы даңазалап, акыйкатты жайганына жараша улуулукка ээ болот. Үйдө Алла таанытылса, мечит ага кирген жамаатка Акырет тууралуу маалымат берсе, мектеп, окуучуларына үмүт жана ишеним берсе, анда өз ишин аткарып жаткандыктан ыйык болуп саналат. Андай болбосо, булардын баары адамдын жолуна жайылган желмогуздун тузагы. Коомдор, фонддор, саясат да ошондой...!

* * *

Чоң-кичине ар бир кызмат очогунун куруучусу ал очоктун эмне максатта курулгандыгын улам эстеп турса, иш өз нугу менен жүрүп, жемиштүү болот. Тескерисинче, эмне максатта курулгандыгы унутулган жатаканалар, мектептер өзүнүн эмне үчүн жаралгандыгын унуткан адам сыяктуу өзүнө зыяндуу тескери жолго түшөт жана эч качан максатка жете албайт.

* * *

Пикири тар жана өз билемдикке берилген адам себептерге байланып калат жана алдына эч кандай максат коё албайт. Тилектеш адамдарга каршы жек көрүү сезиминин болушу, алдыга койгон максаттын жоктугу эмей эмине? Аттиң, ааламды өзүнүн бузук ою боюнча башкарууну каалаган напси кулдары ай!..

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.