Сабыр

Сабыр ооруну баскан ачуу дары чөп сыяктуу, жанды ачытканы менен шыпаа болот.

* * *

Ар бир кыйынчылыкты утурлай жеңилдик келет, бирок кыйынчылыкка сабыр кылуу керек.

* * *

Сабырдуулук менен ийгилик эки түрдүү көрүнсө да, эгиз.

* * *

Дарыялар тамчыдан куралат, бирок тамчынын дарыяга айлана турган убагын эртелетүү эч кимдин колунан келбейт...

* * *

Артын ойлоп иш жасоо, максатка жетүүнүн эң жакшы жолу.

* * *

Шашкалак адамдын ишинде ар дайым жаңылыштык арбын болот.

* * *

Сабырдууларды туу чокуга алып барчу жол түздүктөн башталат...

* * *

Сабыр башында уудай ачуу, аягында балдай таттуу.

* * *

Окуяларга туура чара көрүү сабырдуулук болуп саналат. Ошондуктан, олуялар убагы келе электе сабырдуулукту сураганды туура көрүшкөн эмес.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.