Экстремизм исламдык принципке каршы

Экстремизм исламдык принципке каршы

Өздөрүн “Ислам мамлекетин куруучулары” катары жарыялашып, дүйнө жүзүнө ИГИЛ же ИШИМ деген ат менен таанылган террордук топ Жакынкы Чыгышта адам канын суудай агызып жаткан учуру. Аныгы бул көрүнүш Ислам динине жат экенин бөлөк дин өкүлдөрүнүн көбү биле бербейт. Дегеним, мындай бузукулуктун кесепети мусулмандар менен бөлөк диндин өкүлдөрүнүн ортосунда ажырымды жаратып, ал тургай Ислам жөнүндөгү тескери көз караштардын пайда болуусуна жеткирип койгону жашыруун деле эмес. Андыктан, дипломатиялык тынч жол менен жайылтылуучу Ислам динин коомго бузуку дин сыяктуу көрсөтүп аткан мындай уюмдарга каршы күрөшүү мусулмандардын да милдети экенин унутпообуз зарыл.

Ушул жерден айта кетчү жагдай, радикал баскынчылардын карасанатай кадамдарын бүтүндөй Ислам динине төңкөрө салуу барып турган адилетсиздик. Өзүн канчалык мусулманмын деген күндө да Ислам шариятындагы эң негизги принциптердин бири “Бир эле бейкүнөө адамды өлтүрүү, бардык адамды өлтүргөнгө тете” эрежесин бузганы үчүн андай адамды толук кандуу мусулман атоого болбосун эскерте жүргөнүбүз эп болот. Андыктан, бул бузуку илдеттин алдын алуу ар бирибиздин милдетибиз. Кайдыгерликке салып, кол куушуруп отура берүү динибизге кылган кыянаттык деп эсептейм. Баардык күч-аракетибизди зордук-зомбулукка, баскынчылыкка каршы күрөшүүгө жумшабасак, бетибизге жабылган кара көөдөн арылуу кыйын.

Террордук топтордун мындай аракет-кадамдарын айыптоомо Курандагы ушул маселе боюнча түшкөн аяттар жана Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи ва-саллам) хадистери күбө. Жашообуздун негизин түзгөн Куран аяттарынан, Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи ва-саллам) баскан жолунан, кылган иш-аракеттеринен алынган мисалдар да, бүтүн өмүрүн Куранды, Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи ва-саллам) осуят сөздөрүн, баскан жолун изилдөөгө арнаган Ислам аалымдарынын келген тыянагы да бул жолдун, тагыраак айтканда, террорчулуктун биздин динге эч кандай байланышы жок экенин далилдейт.

Экинчиден, Ислам дини улутка, расага, коомдук абалга бөлбөстөн, “бардык адам Алланын алдында бирдей укукта” деген бүтүн система түрүндө курулганына терең маани берип, ага үндөө башкы маселе. Коомдогу мындай ар түрдүүлүктү өз кызыкчылыктарына колдонуп, упай топтогусу келген ар кандай уюмдар, топтор жок эмес. Муну менен катар эле Исламдагы принциптерди каалагандай калчап, ары-бери бурмалаганга да болбосун айта кетүүбүз абзел. Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи ва-саллам) согуш учурунда коргонуу максатында болсо дагы дин өкүлдөрүн, ошол аймактын курал-жараксыз тургундарын, айрыкча, кичинекей балдар менен аялзатын өлтүрүүгө тыюу салганын буга далил катары айта алабыз.

Үчүнчүдөн, биз – мусулмандар динибиздин баалуулуктарын, адам укуктарын, жашоо эркиндигин ачык түрдө жайылтуубуз шарт. Ошону менен катар эле бейпил жашоону көксөгөн адамдардын мүдөөсүнө тилектештигибизди ачык билдирүү талапка ылайык. Себеби бул Ислам дининин эң башкы баалуулуктарынын бири экени шексиз. Бир да жан, мейли ал саясий же диний жетекчи болсун, бул баалуулуктарды жокко чыгара албайт. Биздин ишенимибиздин өзөгүн ар тараптуулукка (улуттук, маданий, социалдык, диний жана саясий) урмат-сый көргөзүү түзөт. Анан калса, Алла жараткан жандуу жана жансыз дүйнөнүн өкүлдөрүн сыйлоо да, Алланы сыйлоо дегенди билдирет.

Адамзаттын табияты менен замандын талабын эске алганда, жай адамдын кылган ишине караганда баскынчылардын кылган иши маалымат каражаттарына көбүрөөк чыгат. Бирок, бул жаатта бир гана маалымат каражаттарын күнөөлөгөндүн ордуна, өзүбүздүн үнүбүздү угузуп, анык жүзүбүздү көрсөтүүнүн жаңыча жолдорун издесек туура болор эле.

Төртүнчүдөн, мусулмандардын билимин, айрыкча диний билимин өркүндөтүүгө шарт түзүп берүү баардык учурдун талабы. Анткени, жалпы эле билим алуу, гумандуулукту таануу аркылуу башкаларды сыйлоо маданиятын өздөштүрсөк, ал эми диний билим алуу аркылуу ар кандай бузукулуктун алдын алып, талоончулук, зордук-зомбулук сыяктуу динге жат көрүнүштөрдүн жолун бууй алабыз. Муну менен катар, мусулман өлкөлөрдүн жетекчилиги мектеп сабактарына демократиялык баалуулуктарды кошо ширеткени дурус. Ошондуктан «Кызмат кыймылы» 150дөн ашык өлкөгө 1000ден ашуун мектеп, окуу жана диалог борборун ачкан. Ачык айтчу маселе, диний эркиндик кысымга алынган учурда, Ислам дүйнөсүнүн көптөгөн бөлүгүндө канчалаган жылдар бою сакталып келген диний ишенимди бекемдөө, аны жайылтуу радикалдашкан жөндөмсүз адамдардын колуна тиери белгилүү эмеспи.

Мусулмандар аял менен эркектин тең укуктуулугун колдошу зарыл. Аялзатын ар кандай укуктардан кемсинткен коомдук кысымдан арылтуу негизги талап. Буга Пайгамбарыбыздын аялы Айша энебиз (разиаллаху анха) эң мыкты үлгү боло алат. Анткени ал аялзатынан чыккан билимдүү илимпоз да, мугалим да, коомдук лидер да болгон.

Жыйынтыктап айтканда, террорчулук – көп кырдуу жана татаал маселе. Андыктан, аны чечүүнүн жолу каралып жатканда коомдук, саясий, экономикалык жана диний катмарларды өз ичине камтып бүтүндүктө кароо зарыл. Көтөрүлгөн көйгөйдү жалаң гана динге түртө салуу жаштарга залакасын тийгизбей койбойт. Жалпы адамзат террорчулуктан эң көп жапа чеккен коомчулук мусулмандардын өзү экенин түшүнгөндө гана, аларды террорчулардан ажырата билип, аны болтурбоонун жолун табат. Ошондуктан, дүйнөлүк мамлекеттер мусулмандарды обочолонтууга багытталган билдирүү жана саясий ар түрдүү аракеттерден алыс болушу керек.

Зордукчулдун дини болбойт. Диний китептерди жана чыгармаларды бурмалагандар дайым болуп келген жана боло берет. Кудум христиандар Курандын өрттөлүшүн же Ку Клукс Кландын иш-аракеттерин, буддисттер Рохинья мусулмандарынын өлтүрүлүшүн колдобогону сыяктуу эле, мусулмандар да зордук-зомбулукту колдобойт.

Тарых барактарына көз чаптырсак, мусулмандар адамзат цивилизациясынын өнүгүшүнө опол тоодой салым кошкон. Биздин кошкон негизги салымыбыз дүйнөдө адилеттүүлүк, эркиндик, сый-урмат өөрчүп турган доорго туш келет. Ислам дининин башатындагы тунук жүзүн кайра калыптандыруу канчалык кыйын болсо да, мусулмандар өздөрүнүн коомунда тынчтыктын жана ишенимдүүлүктүн тиреги бойдон кала бериши абзел.

М. Фетхуллах Гүлендин Уолл-стрит-джорнел (Wall Street Journal) гезитине жарыяланган макаласынан.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.