Харун Токак, ЕвроАзия платформасынын теңтөрагасы: Биздин Күнүбүз Таластан башталган"

Өткөн жылы 25-октябрда Талас шаарында Евроазия платформасы уюштурган эл аралык конференция болду. Конференциянын темасы үч улуу инсандын Чыңгыз Айтматов, Төрөкул Айтматов жана түрк элинин улуу философу Фетхуллах Гюлендин эмгектерине арналып, бул үч инсандын жалпы адамзаттык диалог үчүн кандайча мааниси бар экени жөнүндө сөз болду. Бул иш чараны уюштуруунун башында Махмуд Кашгари атындагы Чыгыш университетинин ректору Асан Ормушев туруп, расмий бийликтен Маданият министри Садык Шер-Нияз жана Талас областык администрациясы иш чаранын жооптуу жүгүн аркалашты. Конференциянын жүрүшүндө Төрөкул Айтматов жөнүндө кызы Роза Айтмаова айтып берсе, Чыңгыз Айтматов жөнүндөгү кызыктуу эскерүүлөрү менен анын теңтуш курбалдашы белгилүү жазуучу Казат Акматов кызыктуу кеп салды. Түрк философу Фетхуллах Гюлен жөнүндө профессор Аскар Беделбаевдин мазмундуу илимий доклады да угармандарды кайдыгер калтырган жок. Ал эми тележурналист Темирбек Токтогазиевдин Фетхуллах Гюлендин бүткүл дүйнөдөгү толеранттуулук боюнча ойлору жөнүндөгү кызыктуу баяны отургандарды ойго салды. Мисалы улуу философтун ойлорунун негизинде Африка континентинде лицейлердин ачылып жана иштеп жатышы бул инсандын адамзат ортосундагы дүйнөлүк диалогго, жана дүйнөлүк билим берүүгө кошкон зор салымы экени айтылды. Эмесе ошол конференцияга катышып радиожурналист катары улуу жазуучу менен болгон маегин конференциянын катышуучулары менен бөлүшүп, студенттердин дүркүрөгөн кол чабууларына ээ болгон газетабыздын баяндамачысы Тенти Орокчиевдин бул конференциянын уюштуруучуларынын бири, Түркия Республикасынын жазуучулар жана журналисттер фондусунун төрагасы, прозачы Харун Токак менен болгон маегин сунуштайбыз.

-Харун мырза биринчи ирээт Талас жерине таманыңыз тийиши менен куттуктайм?! Кош келиңиз!

-Мен Түркиядан келдим, куттуктаган жылуу сөзүңүзгө ырахмат. Мурда Түркия республикасынын журналисттер жана жазуучулар фондусунун төрагасы кызматын кылгамын. 1998-жылы Евразия платформасын уюштургам. Ал уюмдун биринчи төрагалыгына Чыңгыз Айтматов шайланган. Ага Азербайжандан Анар, Түркиядан Элдар Ортали деген профессор, Россиядан Рыбаков, Казакстандан жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Оразалин ал эми өзүм болсо 2008-жалдан бери бул платформанын теңтөрагасы болуп иштеп келүүдөмүн. Аты аталган бул платформа Европа менен Азияны мекендешкен 14 мамлекеттин жазуучулар союзунун төрагаларынын жыйынындагы чечимге ылайык уюштурулган.

- Харун мырза мына биз Талас жеринде 25-октябрда кез болуп сүйлөшүп жатабыз. Сиз Талас жерине келишиңиз биринчи экен. Албетте, Чыңгыз Айтматовдун өз мекени, өз айлы Шекерге жете элексиз. Чындап келсек ал айыл менен бул Талас шаарынын айырмасы жок. Бул жерге кезинде айтылуу Манас мекендесе, 20-кылымда кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун мекени экенин жакшы билесиз. Бүгүн бул жер кандай таасир берди?

- Биз бүгүн бул жерге, үч улуу инсанды эскерүү менен алардын жашоо-тирлик, жакшылык биримдикке байланышкан ой-пикирлерин кандай болгонун айтып, ачып берүү. Ал үч инсандын биринчиси Төрөкул Айтматов, экинчиси Чыңгыз Айтматов, үчүнчүсү Түркияда белгилүү ааламдардын бири Фетхуллах Гюлендин диалогко байланыштуу биримдик, ынтымакта жашоо жөнүндөгү ой-пикирлерин эскерүүгө чогулуп келдик. Сиз айткандай Талас бул кут тараган аймак. Биз ушундайча эсептейбиз. Мунун жөндүү себеби эмне дегенде, бул Чыңгыз Айтматовдун жарык дүйнөгө келген жана улуу Манас ата мекендеген өлкө. Үчүнчүдөн 751-жылы Талас согушунда биринчи жолу түрк элдери мусулманчылыкты кабыл алган. Ушул себептен биздин башыбыз кечирген улуу тарыхый күн деп эсептелинип келет. Биздин ишеничибиз боюнча күн чыгыштан чыгат,-деген ойдо биздин дагы күнүбүз Таластан башталган деп билебиз. Мына ушул идея менен бүгүн биз ушул жерде башыбыз бирикти.

- Чыңгыз Төрөкуловичтин жарыкчылык менен кош айтканына эки жылдан ашып калды. Ал киши Туркияга канча барып кандай иш бүтүргөнүн кайра баштан сөз кылгым келбейт. Ушул эки жыл аралыгында Түркияда кандай ойлор жаралууда? Бүгүнкү Кыргызстандагы кырдаалдар жөнүндө сөз кылгым келбейт. Сөз бүгүн жалаң улуу Чыңгыз адам, жазуучу, ойчул инсан жаатында болсун?

- Чыңгыз Айтматов көзү тирүүсүндө Түркияга тез-тез келип турганы көпчүлүккө белгилүү. Ал жөн эле келип кетпей далай досторуна жолугуп, далай иштердин башын ачуу аракетинде болоор эле. Чынында көпчүлүк достору жазуучулар болгондуктан алар менен кездешүүлөр, жыйындар өткөрөр эле. Ал Стамбулга келген сайын сүйлөшүп, пикирлер бөлүшүп турчубуз. Өзүңүз айткандай эки жыл мурда дүйнөдөн кайткан соң, Кыргызстан сыяктуу эле Туркияда да чоң бөксөлүк пайда болду. Бул жоготууну бүтүндөй түрк эли абдан кейиши менен кабыл алды. Чыңгыз Атматовду кыргыз менен түрк элдери гана сыйлаган, урматтаган жазуучу эмес дүйнөнүн бүтүндөй батыш, чыгыш элдери сыйлаган талант экени ого бетер билингени үчүн мүлдө дүйнө адабияты өзүн жетимсирегенин сезди. Бул ашыкча бааланбаган чындыктын дал өзү.

- Мен билгенден Чыңгыз Төрөкуловичтин калеми жараткан көркөм дөөлөттөрүнөн түрк тилине которулбагандыгы калбаса деле керек? Аны менен катар эң сонун драмалары да байма-бай сахнадан да өмүр сүрүп келди. Маданияттын ушул эле түрлөрү эмес музыка, сүрөт исскуствосунда өмүр сүргөнүнүн сөзгө албай эле коёлу. Мына ушул жагдайга да токтоло кетсеңиз?

- Чыңгыз Айтматовдун эң сонун чыгармалары аркылуу кыргызды бир эле Түркия өлкөсүнө эмес бүткүл жер жараандарына тааныштара алды. Мисалы, биз Кыргызстанды, Ала-Тоо жергесин көрө элегибизге Чыңгыз Атматовдун чыгармалары аркылуу таанышуу бактысына туш болдук. Ал гана турсун кыргыздардын тоолору менен түздөрүндөгү айылдарына чейин араладык десем да болот. Жазуучунун китептери жеке эле түрк тилдеринде сүйлөбөстөн "Кызыл жоолук жалжалым" аттуу киносу Түркияда тартылды. Бул аталган көркөм дүйнө ушул убакка чейин эң мыкты тасмалардын бири катары бааланып келүүдө. Ошол көркөм фильмдин сценариясы кайрадан жазылып кайрадан тартуу маселеси колго алынат деген чечим кабыл алынганы маалым болууда.

- Харун мырза конференция башталардан мурда Талас шаарынын түштүк тарабында жайгашкан "Манас Ордосунда" болдук. Сизге бул ордо кандай ой калтырды?"

- Ооба, чынында эле "Манас Ордодо" Манас күнбөзүндө болушубузду унутулгус деп айтсам болот. Манастын күнбөзүнүн жанында олтуруп куран окулду. Кыргыз Мамлекети "Манас Ордосун" татынакай кылып куруп койгонуна чоң ыраазы болдук. Кезинде кыргыз өкмөт башчылары министрлери, маданият, адабият ишмерлери келишип бак-дарак, арча карагай тигишкен экен. Ушинтип Манас атанын күнбөзүнүн айланасындагы бир нече гектар жерди кооздук бурчуна айландырышыптыр Булардан да кырк чоронун, Манас баатырдын айкелдери бөтөнчө чыгармачылык менен иштелгени жана коюлганы да көз жоосун албай койбойт. Бул ордонун адамдарга таасир этээр касиети бар экенин өз башыман кечирдим. Кыргыз элинин, тарыхынын, санаа-салтынын энциклопедиясы болгон улуу "Манас" дастанын сөз кылбаганыбызда да Талас жергеси анын ичинен "Манас ордо" комплекси да дүйнөнүн төрт бурчунан келүүчүлөр, сыйынуучулардын өзүнчө Меккеси болуп калышы мени өзгөчө кубанычка бөлөдү. Муну менен катар эртеден сөз кылып келген улуу Чыңгыз Айтматовдун Мекен жери экени талашсыз нерсе. Чынгыз Айтматов тээ бала кезинен апасы, ини, карындаштары, ага-туугандарынын арасында жашаган. Чынгыз Айтматовдун кыйла чыгармаларынын каармандары негизинен Талас жергесинде жашашкан адамдар экен. Ушул жерден бүгүн гана мага белгилүү болгон "Саманчынын жолу" чыгармасынын башкы каарманынын бири Толгонай апанын небереси бул күндөрдө Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри болуп иштеп жаткан Садык Шернияз экен. Ал киши менен бүгүнкү форумда катар отургандыгыбыз мен үчүн бир жагынан күтүүсүз, экинчиден кыйла кызык окуя болду. Мен кээде мындай деп ойлоп калаар элем, бул Чынгыз Айтматов чыгармаларындагы каармандарын негизинен ойдон чыгарат го дечүмүн. Көрсө жазуучунун жашоо-турмушундагы эң маанилүү орунду ээлеген адамдар экен. Анын каармандары өзү бир кезде көрүшкөн, сүйлөшкөн, аларды жакшы билишкен адамдар болуп жатышпайбы. Ушундан улам бул жерде дагы бир нерсени белгилей кетүү жөндүү болуп турат. Көрсө жогоруда да айтылганды бир кайталасам ашыктык кылбас, биздин ата бабаларыбыз Ислам динин ушул Талас өрөөнүндө кабыл алышыптыр. Сөзүмдү дагы тактасам ислам дини ушул Талас өрөөнү менен бизге тараган. Натыйжада Таластын касиетин жогоруда саналган төрт нерсе менен белгилеп өтсөм болот.

- Бул эң сонун, Чыңгыз Атматов менен касиеттүү Таласты бирдикте карап жатасыз ушуну менен эле жаңыдан эле көргөн "Манас Ордо" комплексин да унутта калтырганыңыз жок. Мүмкүн буга чейин "Манас" жаатында маалыматыңыз кичине азыраактыр? Ушул жагдайда да бир аз ой кошо аласызбы?

- Ооба туура сөз кылып жатасыз биз Таласты жалгыз гана Кыргызстанга тиешелүү жер деп түшүнбөйбүз, өзгөчө түрк дүйнөсүнө андан да терендетсек бүткүл адамзатка "Манас" баалуулугун тараткан да, жараткан да жер деп түшүнүшүбүз керек. Анткени, өзүңүзгө да бештен белгилүү бул улуу туундуда камтылбаган бир да нерсе жок. Кыргыздардын үй-бүлөсүнөн баштап, мамлекетинин курулушуна чейинки ар тараптуу энциклопедиялык маалыматтар сакталган. Элдин каада салттары, оюндары, жомоктору менен катар дүйнөгө болгон көз караштарынын баардыгы "Манас" эпосунда чагылдырылган. Эми ошол "Манас" баянында сүрөттөлгөн нерсени жалпы адамзатка жеткирүү милдети бирден-бир Айтматовдун тагдырына жүктөлгөн, анткени Чыңгыз Айтматов "Манастагы" жаштык, "Манастагы" ой пикирлер бүтүндөй жазуучунун чыгармаларында айдан ачык көрүнүп, сезилип турат. Ал "Манастагы" үрп-адаттарды,каада-салттарды, үй-бүлөлүк баалуулуктарды өзүнүн эң мыкты чыгармалары менен элге жеткирип келген. Мисалы, Айтматов тирүү кезинде көп-көп жолугуп бирге жүргөнмүн. Бир учурда ал бир лицейде болгон кезибизде бир баланын "Манас" айтканын көрүп отуруп анын көзүнөн жаш кылгырганына да күбө болгомун.

Демек, бүгүнкү "Манас" менен келечек муундардын ортосунда бузулгус көпүрө боло турган даанышман, акылман адам катары билчүбүз. Чыңгыз Атматовду, "Манасты" бизге мурас кылган Талас тоолору менен өрөөнүнүн касиети кыргыз элине жана бүтүндөй түрк дүйнөсүнө тиешелүү аймак, бир өрөөн болуп калаарынан күмөн санабайм.

- "Манас Ордо" музейин кыдырып чыккан соң мындай ойдо болдум. Мындан он беш жыл мурун тактап айтканда 1995-жылы "Манастын" миң жылдыгында келип үч,төрт күн жүргөнүм эске түштү. Азыр бул жерде көп өзгөрүүнү баамдадым. Күмбөзү коруктун ичинде тигилген түркүн бак-дарактардан баштап кырк чорого коюлган айкелдер тобуна чейин сөз кылып жатам. Ал кезде азыркыга салыштырганы 15-20 пайызы гана иштелсе керек? Бул аймакты кыдырып чыгып, чындыгында эле туп-тамырынан бери өзгөрүп, болгондо да, жакшы, кооз, ыңгайлуу жагына өзгөрүптүр? Тиги бул жөнүндө сөз кылбаганыбызда деле музейдин экинчи кабатындагы Саякбай Каралаев менен Сагымбай Орозбаковдорду карап олтуруп көп ойго баттым. Бул эки "Манасчыга" коюлган айкел-эстелик десе ага да окшобойт. Кадимки эле жандуу Саякбайдын өзү. Болгону кыймылдап ордунан тура калып биз менен учурашууга жаны гана жок. Мына ушундай көрүнүштөр жазуучу мырза сизге кандай таасир калтырды мен мүмкүн Саякбайды бир нече ирээт көргөн, ал гана турсун "Манасын" маашырлана уккан киши катары ушундай сезимге туштуккандырмын?

- Ооба сиздин айткандарыңызга толук кошулам. Сиз сөз кылган музейдин экинчи кабатына мен да көтөрүлүп Саякбай менен Сагымбайды көрүп, маңдайында бир нече минута карап турдум. Ал эки улуу манасчы "Манасты" улантып айтып жаткандай сезимде болдум. Жеке гана сөз болуп жаткан эки манасчынын сөлөкөттөрү эмес, деги эле ал чөйрөдөгүлөрдүн баардыгы сырдалган боёкторуна чейин кыйла жакшы иштелгенин баамдадым. Ортодогу бир сүрөт, чоң панону төрт жарым жылда тартылып бүткөндүгүнөн да кабар алдым. Демек, ар бир жумуш чоң жоопкерчилик, чоң кылдаттык менен иштелгендиги көрүүчү ким болбосун жок-деп айта албайт. Чынында эле бул жерге келип, баардык жаратууларга аралашкан, сөзсүз сыймыктанышы керек. Негизинен ушундай ой пайда болду.

- Ушундан улам дагы бир суроонун ыңгайы өзүнөн-өзү келип турат. Токак мырза "Манас" дүйнөсүнө буга чейин китептерден окуп аралашкан кишисиз. Ал эми бул жолкудай аралашууңуз болбосо керек? Эми Түркияга барганда дагы тереңирээк ойлоносуз. Мүмкүн бул жактан көрүп, билип кеткендериңиз жөнүндө жазасыз? Бизде кыргыздын дагы бир белгилүү жазуучусу ошол эле Чыңгыз Айтматовдун иниси Ашым Жакыпбековдун "Теңири Манас" деген романы бар. Мүмкүн ал роман сизге тааныш чыгаар? Кеп тизгинин ушул жакка да бура кетсеңиз?

- Ооба, кебиңиздин жөнүн түшүндүм. Манас дүнүйөсү менен мурдатан эле тааныш болсом дагы Талас жери, чоң таасир калтырды. Мен Чыңгыз Айтматовдун чоң ишмердигине кайрадан кайрылгым келет. Бизге, бүтүндөй дүйнө жүзүндөгү элге калтырган аманаты "Ысык-Көл" форуму" улантылбай калды. Биз Түркиядан көрүнүктүү илимпоздорду, жазуучуларды курап келип форумду уланткыбыз келет. Түркия менен Кыргызстан ортосунда экономикалык саясый, маданий көптөгөн көпүрөөлөр курулду. Бирок ошолордун ичинен да калайык-калктын эсинде унутулгус болуп кала турган адабият көпүрөсү экенин унутпашыбыз абзел. Адабий чыгармалар жана анын ар кандай жанры менен жалпы элге жеткирилиши адамдардын жан дүйнөсүнө күлазык болуп кала турган нерсе экен. Буюрса менин бирден-бир максатым "Ысык-Көл форумун" улантуу жөнүндөгү ойлорум Талас жергесинде башыма келди. Түркияга барганымда адабиятчылар менен кеңешип туруп, буюрса 2011-жылы ишти улантабыз.

- Эми кыргыз жерине экинчи келип калсаңыз дагы кездешүүнү кудай буюрсун. Аманчылык болсо дагы толуктап узагыраак маектешербиз. Ишиңизге ийгилик, чыгармачылык жакшы жигер каалаган калемдешиңиз, кыргыз досуңуз деп билиңиз!?
Тенти Орокчиев

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.