М. Фетхуллах Гүлен тууралуу даректүү тасма

Алмустактан бери адамзат өз жашоосунун тагдырын оңдуу чече албай келишет. Канткенде адам адамга дос болуп жашайт. Качан кыянатчылык кыйноолор өгөйлөшүү токтойт. Бул суроолорго бизге чейин жашап өткөн аалымдар олуялар ойчулдар мамлекет башчылары акыйкатчыл көз караштагы улуу инсандар жооп берүүгө аракет жасашты. Бирок оңдуу жооп алуу оордоду кыйын болду.

Дагы эле андай адамдар өз жашаган коомдорунда жогорку маселелерди чечүүнүн жолдорун издешүүдө . Бүгүнкү биз баян кылалы деген адамыбыз да бала кезинен жогоркудай суроолорго жооп издеп жүрүп акыры анын туура жообун тапты жана иш жүзүндө далилди.

Ал адам ойчул жана коомдук ишмер түркиялык эле эмес дүйнөнүн атуулу деген бааланууга татыган Мухаммед Фетхуллах Гүлен. Албетте Гүленден мурун деле батыш менен чыгышта нечендеген аалымдар болушкан бирок маселени акылдарында айтышканы менен Гүленге окшоп көз көрүнө ишке ашыралышкан эмес, анда эмесе Гүлендин ким экенин билип алалы.

Кучагыңды көнүлүндү болушунча кенен жай. Аның океандан да кең болсун. Ыйман менен ишенимге чулганып адамга болгон мээримиңди сезип арттыр. Ошондо сенин сунган колуңа муктаж бир да киши калбасын!.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.