Кыргыз Радиосу "Инсан" рубрикасы М.Фетхуллах Гүлен жөнүндө баян

Урматтуу радио угуучулар! Инсан түрмөүнөн уктуруубузду баштайбыз. Бүгүн биз сиздерге Түркиянын атактуу окумуштуусу дүйнөгө белгилүү философ Фетхуллах Гүлендин өмүр ишмердиги туурасында баяндап бермекчибиз. Кандай коом болбосун, ошол коомдун атагын чыгарган улуу ойчулдар, окумуштуулар, жазуучулар нечен кылымды карытып айткан ойлору чек араны ашып, дүйнөгө белгилүү болуп калат экен. Өзүнүн асыл ойлору менен ой туюмдары менен дүйнө элин таң калтырган, анын айткандары менен дүйнө эли сабак алган, нечен улуу окумуштуу улуу аалымдар бар мына ушундай улуу инсандардын бири Түркиянын белгилүү ойчулу Фетхуллах Гүлен.

М. Фетхуллах Гүлендин баштаган ойун жолунун терең экендигине ынандым. Мен башта кызыккан жокмун. Заман Кыргызстан гезити Диалог Евразия менен таанышкандан кийин жакшылап тааныштым. Анын эмгектери менен таанышкандан кийин Кыргызстанга өрнөк катары ала турган көп жагы бар экендигине ынандым. Коомдук ишмер Кыяс Молдокасымов.

М. Фетхуллах Гүлен кылымыбыздын эң мыкты ойчулдардын бири экен. Ал киши өзүнүн бүткүл өмүрүн, билимин, талантын балдарды тарбиялаш үчүн, элдердин ортосундагы ынтымак достукту тынчтыкты камсыз кылуу үчүн арнаптыр. Анын жасап аткан дүйнөлүк иштери ар кандай адамдар үчүн үлгү ошонуктан биз бул сыйлыкты бул кишиге ыйгарганбыз. Коомдук ишмер, Эларалык Руханият ассоциациясынын президенти Акун Токтосартов.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.