Үй-бүлө тарбиясы

Мурдагы бөлүмдө өтө терең талдообуз зарыл болгон кээ бир нерселерди изилдеген элек. Ар бир адам ойлонуусу керек болгон бул маанилүү негиздерге; “Жалпы абал тууралуу оюңуз кандай? Чөйрөңүздө болуп жаткан окуяларды кандай жоромолдойсуз? Сизге жакпаган, адеп-ахлакка жатпаган кыймыл-аракеттерге карата мамилеңиз кандай? Адеп-ахлакка байланышкан көйгөйлөрдү чечүү тууралуу кандай ойлоруңуз бар?...сыяктуу суроолор менен көңүлүңөрдү бурууга аракет кылдык.

Дүйнөдөгү абалга ыраазы болбосок, кээ бир терс көрүнүштөр жүрөгүбүзгө найзадай сайылып жатса; бул чөйрөнү түзгөн жана бүтүндөй ушул нерселерди мүнөзүнө айландырып алган адамдардан нараазы болсок, анда кандай чараларыбыз бар? Ооба, бүтүндөй буларды билүүбүз зарыл.

Ыймандуу адамдар намаз окубоону ага жеңил ойлуу мамиле жасоону, орозо кармабоону жана аны кыйынчылыктуу деп саноону, көчөдө жарым жылаңач жүрүүнү жана тигиге-буга сөз ыргытууну адеп-ахлаксыздык деп эсептешет. Ошондуктан биз Курани Каримдин жарыгында анын принциптеринин негизинде анализдөө менен адеп-ахлакты, адепсиздикти; тарбияны жана ал сөздөн кандай маанини түшүнгөндүгүъуздү билдирүүгө аракет кылабыз.

Адеп-ахлактын эң маанилүү негизи ыйман жана ишеним. Бирок баардык нерсе, бир гана ыйман менен бүтүп калбайт. Ыйман келтирилген нерселер жашоодо иш жүзүнө ашырылбаса, анда ал ыйман ишеним катары гана кала берет. Бул нерсе адам баласынын жеке, үй-бүлөлүк, коомдук жашоосунда таасирдүү болбогондой эле, аны туура жолго дагы багыттай албайт. Чындыгында ыйман жолду жарыткан нур жана күч-кубат булагы, ал эми ыймансыздык болсо алсыздык жана жан дүйнө боштугу болуп саналат. Бирок чыныгы ыйман, күчүн аткарылган иш менен көрсөтөт. Ыймансыз адамдын коомго пайдасы тийген эмес, коомго пайдасы тийгендер колдун манжалары менен гана санала турганчалык аз. Мисалы, бир адам ыймансыз болгону менен уят-сыйыттуу. Негизги өлчөмдөрүбүз боюнча мындай адамдар улуу болуп эсептелеби, жокпу билбейм. Себеби чыныгы улуулук, ыйманга жана ишенимге таянган улуулук болуп саналат. Ооба, Аллага, акыретке, китептерге, кайра тирилүүгө, хашырга, Бейиш жана Тозокко ыйман келтирүү – жашообузду жөнгө салган жана ага периштелердин деңгээлиндеги көрүнүштү берген, андан кийин туура жашообузду алып келген өтө олуттуу негиздер.

Ыйман келтирилген нерселерди иш жүзүнө ашыруу өтө маанилүү. Акырет бул дүйнө жашоосунун жообу бериле турган сот залы, бул жерге бизди адам кылып жараткан жана абдан жакшы көрүнүштү берген Алла Таалага шүгүр кылып, кылбагандыгыбыздын эсебин бере турган жер. Бул дүйнөдө Улуу Жаратуучу берген неъмат тартууларды көрө албаган канчалаган сокурлар дагы бар. Алла Таала мына ушундайлар жана ыймандуу инсандар үчүн кайра тирилүү жана эсеп берүүчү жерди, бейиш, тозогун даярдайт. Жакшы адеп-ахлактардын ээси, руханий дүйнөсү терең, улуулуктарды арзуу кылып жашаган инсандарды, эсептерин бергенден кийин, бул дүйнөдө кандайча инсандык улуу сапаттар менен жашаган болсо, акыретте дагы улуу инсандар үчүн убада кылынган бейиштерди тартуулайт.

Ооба, чыныгы момун, мына ушуларды ойлогон жана жашоосун ошого жараша жөнгө салган инсан болуп саналат. Ушул себептен оболу, жеке адамдарда жана коомдо ыйман өтө бекем болушу зарыл. Ушунун негизинде гана туура жолдон адаштырган түрдүү сезимдерге каршы ыймандын күчү менен тууралыкты сактай алат. Кээде ыймандуу, кээде ыймансыз сыяктуу көрүнгөн адамдардан куралган үй-бүлөдө жана коомдо жакшылык жок. Адамдар оболу өтө бекем ыйманга ээ болуулары абзел. Башкача айтканда эртеңки күнгө чыгаарына болгон ишенимине караганда дагы бекемирээк, акыретке бара тургандыгына ишенип, Аллага жакын, коомго пайдалуу инсан болушу керек.

Ооба, ар бир адам, иштебесе ач кала тургандыгынан корккончолук, жакшы иштерди аткарбаса, ыйман келтирген нерселерин иш жүзүнө ашырбаса, Алланын алдында чоң жоопкерчиликке калаарына ишене тургандай бекем ыйманга ээ болушу маанилүү. Мындай ыйманга ээ болгон адам, бул ишеним алып келе турган күч менен жакшы иштерге багыт алат жана жүзү жарык абалда Алланын алдына чыгуу үчүн чекесин жерге тийгизип, Аллага кулчулук кылат.

Ушундай адамдардан куралган үй-бүлөлөр тууралуу башка бир бөлүмдө; үй-бүлөнүн түрдүү жактарын, үй-бүлөдө тарбиялана турган жаштардын, наристелердин кандайча мусулмандык улуу адеп-ахлак менен мүнөздөнүүлөрү керектигин Курани Каримдин аяттары жана кээ бир хадистердин жарыгы астында баяндайбыз.

Бала-чака жана мал-байлык бул дүйнөнүн кооздуктары. Аларды туура пайдалансак жана туура багыт берсең, акыретке дагы азык болот. Алла Таала, адамдардын көңүлүн ушулар менен кубанычка бөлөйт. Бул нерселерди көздүн нуру, жан дүйнөнүн азыгы кылат. Адам баласы бул кооздуктарды көргөн сайын, иш жүзүндө бул дүйнө бактылуулугун, үмүттөрүндө акыреттин бактылуулугун сезе алат. Албетте силер бул кооздуктарды түбөлүктүүлүккө айландыра албасаңар, бактылуу боло албайсыңар. Ооба, балдарыңар, неберелериңер, мал-байлыгыңар силердин тынчыңарды алышы ыктымал. Тескерисинче, бул убактылуу жана жок болуп кетүүчү нерселерди түбөлүктүү кылып, ааламдын Жаратуучусунун ыраазычылыгына багыштасаңар, акыркы чекит сыяктуу көрүнгөн нерсе бир башат экендигине күбө болосуңар. Бул дүйнө жашоосунун аякташы менен бүткөн баардык убактылуу жана жок болуучу кооздук, салтанаттар, тигил дүйнөнүн ачылышы менен эң жакшы көрүнүшкө ээ болот жана ал жерде уланат.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.