Үй-бүлөнүн маанилүүлүгү

Ар бир элдин жана коомдун улуулугу үй-бүлөдөн, жубайлар кол кармашып курган үйдөн башталат. Ушул себептен тарбия, үй-бүлөдөн башталса гана түбөлүктүү болот. Үй-бүлө тарбиянын негиздеринин үстүнө курулбаса, коомдун тарбиялуу болушу дагы мүмкүн эмес. Ал гана эмес кемчиликсиз таалим-тарбия системасы идеалдуу адам тарбиялоодо өтө маанилүү болсо дагы, үй-бүлө тарбия жаатында өз маанилүүлүгүн сактайт.

Үй-бүлөдө жана өзгөчө азыктануусу керек болгон учурда жакшы азыктанган зээндер, өтө катуу терс таасирлерге кабылып калбаса эле, келечекте кээ бир жакшы иштердин каармандары болуп, бизди таң калтырышы мүмкүн. Ооба үй-бүлөдөгү ийгилик, жалпы жашоодогу ийгиликтин алгачкы баскычы жана бул баскыч туура үй-бүлө курууга байланыштуу.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.